Орусия өткөн түнү 26 дронду атып түшүргөнүн билдирди

Орусиянын Курск облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Александр Хинштейн жекшембиде Будище айылынын эки тургуну Украинанын аба күчтөрүнүн соккусунан жараат алганын билдирди. Ал Телеграм-каналына дарыгерлер жараат алгандардын абалын орто деп баалашканын жазды.

Белгоорд облусунун башчысы Вячеслав Гладков 4-майда украин дрону Борисов районундагы Богун-Городок айылында автобуска сокку урганын социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын айтымында, үч киши жараат алган.

Орусиянын Коргоо министрлиги 4-майдын кечинде өлкө аймагы боюнча 26 украиналык дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди.

Министрликтин маалыматында, 17 дрон Брянск облусунун аймагынан, беши Калугадан атып түшүрүлгөн.

Кечинде жана түнү Архангельск, Мурманск, Курск, Воронеж, Тула, Орлов, Иванов облустарында абадан эскертүү берилген. Бул аймактарда дрон атып түшүрүү боюнча эч кандай маалымат бериле элек.

Киев адатта мындай маалыматтарга комментарий бербейт.

Дагы караңыз

Садыр Жапаров Баш мыйзам "бардык тармакта алдыга жылууга дем болуп жатканын" билдирдиРумыниядагы шайлоо: биринчи турда Евробиримдикти сындаган Симион алдыдаБишкекте мектепте чыккан өрт өчүрүлдүПрага: Зеленский Москвага басымды күчөтүүгө чакырды