Румынияда жекшембиде өткөн президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктары боюнча, оңчул популист жана Евробиримдикке сын көз караштагы Жорже Симион алдыда келатат. Добуштардын 95% (чет өлкөдөгү добуштардан тышкары) эсептелгенден кийин Симион биринчи турда шайлоочулардын 40% колдоосуна ээ болууда.
Экинчи орун үчүн бийликтеги коалициянын талапкери, 65 жаштагы мурдагы сенатор Крин Антонеску жана көз карандысыз талапкер, Бухарест шаарынын мэри, 55 жаштагы Никушор Дан ат салышууда. Антонеску 20,9% добуш алса, Дан 20,2% добуш топтоду. Экөөнү тең борборчул жана Евробиримдикти жактаган талапкерлер катары мүнөздөшөт. Алардын ортосундагы 20–21% тегерегиндеги атаандаштыкты экзит-полдор да көрсөткөн.
Биринчи турда жеңүү үчүн талапкер кеминде 50% добуш алышы керек. Жалпысынан бул шайлоого 11 талапкер катышкан. Добуш берүүнүн экинчи айлампасы 18-майда өтөт деп күтүлүүдө.
Алдын ала жыйынтыктар жарыялангандан көп өтпөй, Симион билдирүү таратып, анда ноябрдагы шайлоонун лидери, популист Кэлин Жоржескуга “түз көз карашта каларын” айткан. Бул шайлоонун жыйынтыгын Конституциялык сот Орусиянын болжолдуу кийлигишүүсүн жана үгүт эрежелеринин бузулушун негиз кылып жокко чыгарган. Жоржескуга кылмыш иши козголуп, сот ага кайрадан талапкерлигин коюуга тыюу салган. Жекшемби күнү таңында Симион добуш берүү участогуна аны менен кошо келген.
"Бул жөн гана шайлоодогу жеңиш эмес. Бул – румын ар-намысынын жеңиши. Бул – үмүтүн жоготпогондордун, Румынияга ишенгендердин, эркин, урматталган, эгемен мамлекет болоруна ишенгендердин жеңиши”, - деп билдирди Симион экзит-полдор жарыялангандан кийин.
38 жаштагы Жорже Симион коңшу Украинага аскердик жардам берүүнү токтотууну жактайт, Евробиримдик жетекчилигин сындайт жана АКШ президенти Дональд Трамптын “Американы кайрадан улуу кылабыз!” деген кыймылын колдой турганын билдирип келет.
Reuters агенттиги шилтеме берип жазган саясий серепчилердин баамында Симиондун экинчи турдагы ыктымал жеңиши өлкөнүн эл аралык аренада обочолонуусуна, инвестициялардын азайышына жана НАТОнун чыгыш аймагында туруксуздукка алып келиши мүмкүн. Бул чөлкөмдөгү Украина үч жылдан ашуун Орусиянын толук масштабдуу баскынчылыгына каршы туруштук берип келет.
24-апрелде Румыниянын шайлоо органдары Жорже Симион жетектеген ашынган оңчул “Румындардын биримдиги үчүн альянс” (AUR) партиясына карата шайлоо өнөктүгүн каржылоо эрежелерин бузган деген шек боюнча териштирүү баштады. Симион бул айыптоолорду четке кагууда.
“Азаттыктын” румын кызматы билдиргендей, Борбордук шайлоо бюросунун маалыматы боюнча, добуш берүү участкалары жабылганга чейин 9,57 миллион шайлоочу же добуш берүүгө укуктуу жарандардын 53,2% катышкан. Анын ичинен 973 миң румын чет өлкөлөрдө ачылган добуш берүү участкаларында добуш беришкен.
- Румыния мыйзамдарына ылайык, президент Конституциянын кепили болот, эл аралык келишимдерге кол коёт жана өкмөт башчысын дайындоого укуктуу. Бирок премьер-министрди дайындоо чечими парламент тарабынан бекитилиши керек. Учурда парламентте Жорже Симион жетектеген AUR – эң ири оппозициялык партия. Ал эми учурдагы премьер-министр Марчел Чолакунун өкмөтүн Социал-демократиялык жана Улуттук либералдык партиялар түзгөн коалиция колдойт. Мындан тышкары, президент НАТО жана Евробиримдик саммиттерине катышат жана Евробиримдиктин чечимдерине вето коюу укугуна ээ.
- Ал эми Кэлин Жоржескуга каршы алты пункт боюнча кылмыш иштери козголгон. Алардын ичинде:конституциялык түзүлүшкө каршы аракеттерге үгүттөө, шайлоо өнөктүгү маалында жалган маалымат таратуу, фашисттик, расисттик же ксенофобдук уюм түзүү же демилгелөө сыяктуу беренелер бар. Жоржеску өзүнүн Орусия менен байланышы бар экенин четке каккан. Москва да Румыниянын ички ишине кийлигишүү боюнча айыптоолорду четке какты.
- АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс быйыл февралда Мүнхендеги коопсуздук жыйынында сүйлөп жатып, Румыния бийлигин ноябрдагы шайлоонун биринчи туру жокко чыгарылганы үчүн демократиялык стандарттарды бузду деп сындаган. Бирок Жоржескунун талапкерлигин ачык колдогон эмес. Ал эми Евробиримдик болсо, тескерисинче, Румыниянын Конституциялык сотунун чечимин түшүнүү менен кабыл алган.