Орусияда курулушта иштеп жаткан үч кыргызстандык уранды басып каза болду

Геленжик администрациясы тараткан сүрөт.

Орусиянын Геленжик шаарындагы курулуштагы кырсыктан үч кыргызстандык каза болуп, дагы бир оорукана түштү. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кабарлады.

ТИМ кабарлагандай, 4-майда Геленжик шаарындагы курулуш аянтчасында топурактын алдынан үч кыргыз жаранынын сөөгү чыгарылды. Учурда сөөк шаардык өлүк сактоочу жайга жеткирилди. Кырсыктан дагы бир кыргызстандык жабыркап, ооруканага жаткырылган.

Ал өлкөдөгү Кыргызстандын элчилиги каза болгон жарандардын жакындары менен байланышып, зарыл болгон укуктук жардамдарын көрсөтүп жатат. Маркумдардын сөөгүн мекенине жөнөтүүгө байланыштуу иш-чараларды көзөмөлдөө үчүн окуя болгон жерге элчиликтин кызматкери жөнөтүлдү. Элчилик кырдаалды көзөмөлдөп, Орусиянын тиешелүү органдары менен тыгыз кызматташып жатканын кабарлады.

Буга чейин Орусия медиаларында 3-майда Геленжик шаарындагы курулуштагы кырсыкта уранды алдында калган үч жаранды куткаруу жүрүп жатканын жазышкан. Андагы видеолордо курулушта таштуу топурак көчүп, куткаруучулар жүргөнүн көрүүгө болот.

Учурда Орусиянын укук коргоо органдары “коопсуздук эрежелерин бузуу” боюнча текшерүү жүргүзүп жатканы кабарланды. (TSh)

Дагы караңыз

Киевде дрон чабуулдарынан 10 киши жараат алды