Киевде дрон чабуулдарынан 10 киши жараат алды

Киевдеги зыян тарткан соода борбору.

Орусиянын армиясы 4-майга караган түнү Киевге дрондор менен чабуул койду. Украинанын борборундагы Оболонь, Святошин жана Шевченко райондорунда өрт чыгып, кыйроолор катталды. Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматтын акыркы маалыматында, 11 адам жабыркады, алардын экөө - балдар.

Оболонь районунда дрон турак үйдүн 12-кабатындагы батирге тийип, өрт чыкты. Мындан тышкары, шаарда бир нече жеке турак жайлар жана автоунаалар күйүп кеткен. Dream Town соода борбору да зыян тартты.

Орус дрондорунун чабуулуна Черкассы шаары да кабылды. Шаар бийлигинин маалыматында, беш жерден өрт чыкты. Кампа талкаланып, бир адам жараат алды.

Украинанын Аба күчтөрү билдиргендей, Орусия армиясы жалпы 165 дрон учуруп, алардын жарымынан азы атып түшүрүлгөн. Айрымдары белгилегенген жерге учуп жетпей калган.

Соңку сутка ичинде Харков облусунда бир адам, Донецк облусунда үч адам мерт кеткени кабарланды. Херсон жана Запорожье облустарында жаракат алгандар бар. Орусия тарап бул чабуулдар боюнча комментарий бере элек.

Дагы караңыз

Өзбекстандын ТИМи Орусиядагы мигранттардын маселесин көтөрдү