Өзүн УКМК кызматкери катары тааныштырып, элди алдаган шектүү кармалганы кабарланды

Шектүүнүн үйүнөн табылган буюмдар. Милиция тараткан сүрөт.

Бишкекте өзүн Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК), Ички иштер министрлигинин (ИИМ) жана Улуттук банктын кызматкери катары тааныштырып, 73 жаштагы жаранды 1 млн 407 миң сомго алдап кеткен шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Алданып калган жаран 22-февралда милицияга кайрылган. Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жүрүп жатат. 45 жаштагы шектүүнүн жашаган жерин тинтүү учурунда интернетке кошулган сим-бокс аппараты, бир нече телефон жана ноутбук табылган. Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (“Алдамчылык”) менен кылмыш иши козголду.

Милиция өзүн УКМК, ИИМ же банк кызматкеримин деп тааныштырган телефон чалгандардан сак болууга, жеке маалыматтарды бербөөгө чакырат.


Соңку учурда Кыргызстанда телефон шылуундары көбөйгөнү байкалууда. Укук коргоо органдары алардын алдамчы схемалары жөнүндө байма-бай эскертип келет.

Ушул жылдын январь айында журналист Мээрим Ташыбекова былтыр өзүн укук коргоо органдарынын жана Улуттук банктын өкүлү катары тааныштырган шылуундарга алданганын айтып чыккан. Ал ар кайсы банктардан баш-аягы 800 миң сомдон ашык насыя алып, шылуундарга которгонун, андан тышкары депозиттеги 100 миң сомунан да айрылганын айткан. (TSh)

Дагы караңыз

АКШда 25 жаштагы кыргызстандык дайынсыз болууда