Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын лидери Владимира Путиндин Жеңиш майрамын белгилөөгө байланыштуу үч күнгө жарашуу сунушун четке какты.
Зеленский Путиндин идеясын "изоляциядан чыгууга атмосфера" түзүү үчүн "театралдык оюн" деп атады. Украинанын президенти ок атышууну 30 күнгө токтотууну талап кылууда.
"Ок атышууну талап койбой токтотуу америкалыктар сунуштаган үлгү. Биз ошону кармануудабыз. Ушул датабы же башкабы эрте болгону жакшы. Эмнеге 30 күнгө токтотуу керек? Анткени үч, беш, жети күндө бир нерсени макулдашуу мүмкүн эмес", - деген Зеленскийдин сөзүн "Интерфакс-Украина" жарыялады.
Украин лидери журналисттерге АКШ президенти Дональд Трамп менен Ватиканда жолукканын да айтып берген. "Биздин командабыздын урматына айтып коеюн, менин көз карашымда тет-а-тет форматы иштеди. Бизде бул сүйлөшүү үчүн туура атмосфера болду", - деген Зеленский. Анын айтымында, бул жолугушуудан кийин Трамп ага "саал башкача карай баштаган".
Зеленский менен Трамп 26-апрелде Рим папасы Францискти акыркы сапарга узатуу үчүн барганда сүйлөшкөн. Бул лидерлердин 28-февралдагы Ак үйдөгү кайым айтышуусунан кийинки биринчи жолугушуу болгон.
Зеленский менен Ватиканда жолуккандан кийин Трамп орус президенти Владимир Путинди ок атышууну токтоткусу келбегени үчүн сындаган.