Мамдепартамент Украина үчүн F-16 учагын тейлөө келишимин жактырды

АКШнын Мамлекеттик департаменти Украина үчүн F-16 кыргын салуучу учагын тейлөөгө жана колдоого 310 млн доллар өлчөмүндөгү доллар бөлүү келишимин жактырды.

Бул тууралуу Reuters Пентагонго шилтеме берип билдирди.

"Келишим окуу-машыгуу кызматтарын, тетиктерди жеткирүү жана жайкы даярдыкты камтышы мүмкүн", - деп тактады АКШнын коопсуздук жаатындагы агенттиги.

Негизги подрядчылар Lockheed Martin Aeronautics, BAE Systems жана AAR Corporation болууда.

Буга чейин Мамлекеттик департамент Украинага 50 миллиондон ашуун долларга курал-жаракты коммерициялык жол менен түз сатууга уруксат берүүнү жактаган. Киев ушундай схема менен 2015-жылдан 2023-жылга чейин америкалык курал-жарак компаниясынан жарым миллиардга чукул суммага курал-жарак алган.

Kyiv Post Ак үй сатууга уруксатты минералдык ресурстарга байланыштуу келишимге кол коюлгандан кийин бергенине көңүл бурган.

Дагы караңыз

Аба ырайы: 4-майда күн 35 градуска чейин ысыйтReuters: АКШда Орусияга каршы санкциялардын жаңы пакети даярдалдыОрусия Харьковго, Украина Новороссийскиге дрон менен чабуул койду