Аба ырайы: 4-майда күн 35 градуска чейин ысыйт

Папан суу сактагычы. Кыргызстан.

"Кыргызгидрометтин" билдиришинче, 4-майда Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 30…35;

Таласта түнкүсүн 9…14, күндүз 29…34;

Баткенде түнкүсүн 12…17, күндүз 30…35;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12…17, күндүз 30…35;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 5…10, күндүз 22…27;

Нарында түнкүсүн 4…9, күндүз 21…26;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1…-6, күндүз 8…3 градус болот.

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши ыктымал. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 12…14°, күндүзгү жогорку температурасы 32…34° жылуу болот.

Дагы караңыз

Reuters: АКШда Орусияга каршы санкциялардын жаңы пакети даярдалдыОрусия Харьковго, Украина Новороссийскиге дрон менен чабуул койду"Маралдын" жаңы кожоюну радионун ишмердиги уланарын билдирди