Пакистан - Индия тиреши: Эл аралык коомчулуктун кооптонуусу

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Расмий Исламабад Индия жакынкы күндөрү Пакистандын аймагына сокку урууга даярданып жатканын эскертти. Эки коңшунун ортосундагы чыңалуу Индиянын Кашмир аймагында 22-апрелде кол салуудан 26 киши каза болгондон кийин курчуп кеткен. Дели коңшусун "чек ара аралык терроризмди" колдогону үчүн айыптаса, Исламабад чабуулга тиешеси жок экенин айтууда. БУУ, АКШ эки тарапты чыңалууну басаңдатууга чакырууда.