Москванын үч күндүк элдешүү сунушу, Киевдин сыны

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Украин президенти Владимир Зеленский Орусиянын лидери Владимир Путиндин Жеңиш күнүнө карата согушту үч күнгө токтотуу сунушун кескин сындады. 28-апрелде Кремль Путин Жеңиш күнүнө байланыштуу ок атууну убактылуу токтотууну сунуш кылганын жарыялады. Ал арада Украинанын Днепропетровск облусунда орус армиясынын соккусунан бир өспүрүмдүн өмүрү кыйылды. Үч киши жараат алды.