Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагерлерине 100 миң сомдон берилет

Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагерлери. 2022-жыл.

Президент Садыр Жапаровдун чечими менен Кыргызстанда Экинчи дүйнөлүк согуштун 32 ардагеринин ар бирине 100 миң сомдон бир жолку материалдык жардам көрсөтүлөт. Ал үчүн президенттин фондунан 3 млн 232 миң сом бөлүү тапшырмасы берилди.

Быйыл 9-майда Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңишке 80 жыл болот. Кыргызстанда Жеңиш майрамына карата аскердик парад 8-майда өтөрү кабарланган. 9-майда Садыр Жапаров баштаган бир катар мамлекеттик жетекчилер жеңиштин 80 жылдыгын белгилөө үчүн Москвага - Кызыл аянтка барары айтылган.

Экинчи дүйнөлүк согуш 1939-жылы 1-сентябрда тутанып, 1945-жылы 2-сентябрда аяктаган. Ага ошол маалдагы 74 мамлекеттин 62си, дүйнөнүн 80% калкы катышкан. Согуштан жалпы 70 миллиондой адам кырылган.

СССР Экинчи дүйнөлүк согушка өзү аралашкан бөлүгүн Улуу Ата Мекендик согуш деп атаган. Германия менен СССРдин ортосундагы согуш 1941-жылы 22-июнда башталып, 1945-жыл 9-майда СССР жеңишке жеткен. Бул күн СССРде, кийин андан тараган мамлекеттерде жеңиш күнү катары белгиленет.

1941-1945-жылдары фашизмге каршы согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. Алардын 90 миңден ашыгы фронтто курман болгон. (BTo)

Дагы караңыз

Марат Иманкулов Орусия Кыргызстанга С-300 зениттик ракеталык системасын бергенин ырастадыТүндүк Корея аскерлери Орусиянын Украинага каршы согушуна аралашканын расмий ырастадыТрамп Путинди Украинаны аткылоону токтотуп, макулдашууга кол коюуга чакырдыКыргызстандык мугалим Түркияда Гүлен иши боюнча кармалганы белгилүү болдуСугат мезгилинде Кыргызстан Казакстанга 580 миллион метр куб суу беретМинистр Орунтаев курулушка лицензияны өкмөттөн түз алууну сунуштадыГимндин жаңы варианты коомдук талкууга коюлбайт