Жалданууга шектелип төрт киши кармалды. Бири мэрия кызматкери

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ошто “жалданмачылыкка” шек саналып төрт адам кармалды. Арасында Ош шаарынын мэриясынын маалымат бөлүмүнүн кызматкери жана жергиликтүү бир журналист бар. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) аларды Бишкекке алып келип, сот эки айга камады.

Азырынча иштин чоо-жайы тууралуу расмий маалымат бериле элек. Социалдык тармактардан шектүүлөр Орусиянын “Россотрудничество” уюмунун иш-чараларына катышып жүргөнүн көрүүгө болот.