Мамлекеттик кызматкерлер кыргыз тилин орто деңгээлден төмөн эмес билиши керек

Коллаж.

Кыргыз өкмөтү мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин белгилөө жөнүндө токтом кабыл алды. Мындай чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Ага ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер кыргыз тилин 2025-жылдан тартып орто деңгээлден (В1) төмөн эмес, 2027-жылдан баштап ортодон жогору деңгээлден (В2) төмөн эмес билиши керек.

Мындан тышкары, Кыргызстанда туруктуу жашаган жана Кыргызстандын жараны болгон этностук азчылыктын өкүлдөрү 2026-жылдан тартып базалык деңгээлден (А2) төмөн эмес, 2028-жылдан тартып орто деңгээлден (В1) ылдый эмес билиши керек.

Кызматтык жана функциялык милдеттери бөлүмдү башкаруу, ишти пландоо жана координациялоо, ошондой эле консультация берүү, эл алдында сүйлөө жана расмий жазуу жүзүндөгү тексттерди даярдоо менен байланышкан кызмат адамдары үчүн иш берүүчү мамлекеттик тилди билүүгө бул чечимде белгиленгендерге караганда кыйла жогору талап коюуга укуктуу.

2023-жылдын 17-июлунда президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик тил жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койгон. Ага ылайык мамлекеттик мекемелерде иш кагаздар милдеттүү түрдө кыргыз тилинде жүргүзүлүүгө тийиш. Эл алдындагы расмий иш-чаралар да мамлекеттик тилде өткөрүлөт. (BTo)

Дагы караңыз

Элчи Вакунов орус тилинен тест тапшыруу кадыресе көрүнүш экенин айттыҮч айда үй-бүлөлүк зомбулук фактысы 28% көбөйдүОрусиянын энергетика министри Путиндин "жеке билдирүүсүн" Токаевге тапшырдыКазакстандын элчилиги АКШда мыйзамсыз жүргөн жарандарын тез арада чыгып кетүүгө чакырдыОрусиянын тышкы иштер министри Лавров Өзбекстанга баратКыргызстанда 100 миңден ашуун гектар аянтты чегиртке капташы мүмкүн