ЖККУ кыргыз-тажик чек арасынын такталышын кубаттады

Эмомали Рахмон жана Садыр Жапаров. 13-март, 2025-жыл.

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) катчылыгы Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү келишимге кол коюлганын кубаттады.

ЖККУнун билдирүүсүндө чек ара маселеси эки өлкөнүн президенттеринин саясий эркинин аркасында чечилгени, бул аймактагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, коопсуздукту жакшыртууга жана уюмдун алдындагы милдеттерди аткарууга өбөлгө түзөрү айтылат.

13-мартта Бишкекте президенттик администрациянын “Ынтымак ордо” имаратында Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү келишимге эки өлкөнүн президенттери – Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон кол койду. Алар чек ара келишимин “тарыхый” деп баалашты.

27-февралда Жогорку Кеңештин алты комитети биргелешкен жыйынында кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча макулдашуулардын долбоорун колдогон.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 1006,84 чакырымды түзөт. Анын ичинен 519,9 чакырым чек ара сызыгы 2011-жылга чейин такталып, жазылып, өкмөттүк делегациялар бекиткен. Ал эми калган 486,94 чакырым тилкеси акыркы үч жыл ичинде такталды.

Чек ара такталбагандыктан буга чейин суу, жер, жол, жайыт талаштан улам аймакта көп чыр-чатактар чыккан. 2021-жылы апрель-май жана 2022-жылы сентябрь айларында кандуу кагылышуулар болгон.

ЖККУга Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан мүчө. Армения 2024-жылдан бери мүчөлүгүн токтоткон. (BTo)

Дагы караңыз

Жогорку Кеңеш мамлекеттик кызматка сынаксыз кабыл алуу демилгесин колдодуБишкек Вашингтондон жарандарын АКШда мыйзамдуу ишке орноштурууга көмөк сурадыМинистрлик аскер лицейинин курсанттары уруксатсыз чыгып кетишкенин билдирдиЖапаров менен Рахмон кыргыз-тажик чек ара келишимине кол койдуАйжан Алыкулованы өлтүрүүгө айыпталган адам 15 жылга кесилдиКыргыз-тажик чек арасындагы эки өткөрмө бекет кайра ачылдыЖогорку сотто Аскат Жетигендин кассациялык арызын кароо 18-мартка калдыАйжигитовго ЖКда борбордук трибунадан сүйлөөгө бүгүн да уруксат берилген жок