Бизнести колдоо үчүн инвестициялык аймак түзүү сунушталды

Кыргызстандагы ишканалардын бири.

Кыргызстанда бизнес жүргүзүү жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн шарт түзө турган өзгөчө укуктук режими бар атайын инвестициялык аймак түзүү демилгеси көтөрүлдү.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкекте Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер менен жолугушууда айтканын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Николас Боулер “Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө жана инвестиция тартууга көмөктөшүү үчүн Улуу Британия укук тармагындагы тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр” экенин айткан. Ушул тапта бул долбоорлорду ишке ашыруу үчүн каржылык колдоо чечилип калганы кабарланды.


Расмий маалыматка ылайык, былтыр тогуз айда өлкөгө жалпы көлөмү 746 миллион долларды түзгөн инвестиция келген. Кыргызстанга эң көп инвестицияны Кытай салган ( 221 млн доллар), андан кийинки орунда Орусия (192 млн доллар) турат, кийинки катарды Түркия (71 млн доллар), Казакстан (48 млн доллар) жана Нидерланд (33 млн доллар) ээлеген.

2023-жылы өлкөгө 845 млн доллардын тегерегинде түз инвестиция келген жана 2022-жылга салыштырмалуу дээрлик 30% азайган. (BTo)

Дагы караңыз

Украина ок атышууну 30 күнгө токтотууга макул болду, АКШ аскердик жардам көрсөтүүнү улантатТрамп Канададан ташылган болотко, алюминийге бажы төлөмдү 50% көтөрөт11-март: Жапаров Бакиевдер боюнча комментарий берди, Эмомали Рахмон Бишкекке келетФилиппиндин мурдагы президенти Дутерте Гаагага учак менен жөнөтүлдүКазакстан "Баку–Тбилиси-Жейхан" аркылуу мунай экспортун көбөйтүүнү пландоодоЭлчи Марипов Кыргызстандын Сирия, Бруней менен кызматташтыгын талкуулады