Кечки радио эфир | 03.03.2025 | Кыргызстанда дары-дармек тартышпы?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстанда соңку учурда дары-дармек тартыштыгы байкалып жатканы айтыла баштады. Айрым бейтаптар керектүү дарылар табылбай, табылса да кымбат болуп жатканын билдирүүдө. Дары-дармекке байланыштуу маселе парламентте дагы бир канча жолу көтөрүлдү.

Ал арада Соода-өнөр жай палатасы 2026-жылы Евразия экономикалык биримдигинин стандарттарына ылайык каттоодон өтпөсө, алты миңдей дары сатыкка чыкпай калышы мүмкүн экенин эскертти.