Аба ырайы: 25-февралда күн ачык болот

Синоптиктердин шашылыш маалымдашынча, 26-28-февралда аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаап, туман түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Кээ бир аймактарда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге чейин жетет.

26-28-февраль күндөрү абанын температурасы да кескин төмөндөйт: өрөөндөрдө түнкүсүн -2…-7°, тоолордо -18…-23° градуска чейин суук болот. Мындай аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

25-февралда түнкүсүн Баткен, Ош облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар жаайт.

Тоо этектери жана тоолуу жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 14…19

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз 11…16

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндуз 6…11

Нарын облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз 3…8

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 3…5°, күндүз 16…18° болот.

Дагы караңыз

"Даарат кагазы, газдалган суусундук геморройду күчөтөт"Ноокатта өспүрүм өз жанын кыйганы кабарландыУкраинадагы согуш: Кыйраган өлкө, кыйналган элБишкекте активисттер Украинага тилектештик билдирдиЭл акыны Нурпаис Жаркынбаев каза болдуИзраил 602 палестинди бошотууну башка убакытка калтырды