УКМК Биринчи май райондук милициясынын тергөөчүсү кармалганын билдирди

Кармалган шектүү.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматынын тергөөчүсү 10 миң доллар пара алууга шек саналып кармалганын билдирди.

Атайын кызмат ал Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Ички иликтөө кызматы менен биргеликте козголгон кылмыш ишинин алкагында колго түшкөнүн кабарлады. Шектүү 8-февралда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

Бул ишке тиешеси бар башка да адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат. Пара алууга айыпталып кармалган милиция кызматкеринин жакындары менен адвокаттары комментарий бере элек.

Президент Садыр Жапаров 2024-жылы 31-декабрда коррупцияга айыпталгандарга жазаны күчөтүү тууралуу мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, “Коррупция” беренеси менен соттолгондорго мамлекеттик кызматта иштөөгө өмүр бою тыюу салынат. (BTo)

Дагы караңыз

Президеттин иш башкаруучусу “ЭлКатка” Баясовду убактылуу директор кылып дайындадыУлуттук кардиохирургия институтундагы өрттө эки адам каза тапты11-февраль: Кыргызстан жемкорлукту жеңүүдө артка кетти, Дүйшөмбү Ворух жолу, суу боюнча сүйлөшүү уланып жатканын билдирдиТүркия Сирия менен чек арасында соода, транзит чектөөлөрүн алдыЖей Ди Вэнс Европаны жасалма интеллектти ашыкча тескебөөгө чакырдыТажикстан: Кыргызстан менен Ворух жолу, суу маселеси боюнча талкуу уланууда Италияда Сицилия мафиясына каршы операцияда 150 киши кармалдыМилиция кызматкерлеринин кармалышы: Октябрь райондук бөлүмдүн жетекчилери кызматтан алынды