Ошко Турукташтыруу фондунан 500 миллион сом бөлүнөт

Иллюстративдик сүрөт.

Ош шаарынын муниципалдык, коммуналдык жана жол ишканалары менен мекемелерине атайын техникаларды сатып алуу үчүн Ош мэриясына Турукташтыруу фондунан 500 миллион сом бөлүнөт. Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.

Турукташтыруу фонду Кыргызстанда бюджеттин туруктуулугун камсыз кылуу үчүн деген негиз менен 2021-жылы түзүлгөн.

Фонддун негизги максаты өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу, кечиктирилгис иш-чараларды каржылоо жана экономиканын тышкы терс факторлордун таасиринен көз карандылыгын төмөндөтүү экени айтылган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 2023-жылы ноябрь айында криминалдык топтор менен күрөштөн түшкөн каражат президенттин жарлыгы менен Турукташтыруу фондуна же бюджетке которулуп жатканын айткан. (BTo)

Дагы караңыз

Газа: ХАМАС келерки ишембиде барымтадагыларды бошотпой турганын билдирдиКазакстанда "улуттар аралык жана диний кастыкты козутуу" беренеси боюнча жазаны күчөтүү сунушталды10-февраль: БШКнын жетекчиси Шайлдабекова кызматтан кетти, "Крокус Сити" боюнча тергөө аяктады БШКнын жетекчиси Шайлдабекова кетип, анын ордуна Шайназаров келди Депутат өкмөттү мыйзам долбоорлорун өз алдынча өзгөртпөөгө чакырды Министр Кулубаев АКШнын элчиси менен миграция маселесин талкууладыЖалган жалаа үчүн айыпка жыгылган адамдан өндүрүлгөн айып пул бюджетке түшөт MCN coin'ге акчасын алдаткан 900гө жакын кишиге 1 млн 700 миң доллар кайтарылды