Кыргызстанда орточо айлык акы 37 миң 360 сом деп эсептелди

Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук статистика комитетинин эсебинде 2024-жылы Кыргызстанда бир кызматкердин орточо айлык акысы 37 миң 361 сом деп эсептелди. Бул 2023-жылга салыштырмалуу 12,7% жогору.

Былтыр өлкөнүн ички дүң өнүмү (ИДӨ) 1,5 триллион сомдон ашып, 9% өскөнү кабарланган. Быйылкы жылы республикалык бюджеттин кирешеси 430 миллиард 244,6 млн сом, чыгашасы 405 миллиард 946,7 миллион сом болот.

Быйыл январь айында ИДӨ 96,8 миллиард сомду түзүп, 2024-жылдын январь айына салыштырганда 10,6% көбөйдү.

ИДӨ - бул өлкөдө өндүрүлгөн товарлардын жана кызмат көрсөтүүнүн көлөмү.

Кыргызстанда орточо айлыктын көрсөткүчү боюнча коомчулукта ар кандай талаш-тартыш болуп келет. Айрымдар орточо эмгек маяна 37 миң сомго жетпей турганын айтышат. (BTo)

Дагы караңыз

Gergert Sport дүкөнүнүн негиздөөчүсү Виталий Гергерт эркиндикке чыктыДепутат өкмөттү мыйзам долбоорлорун өз алдынча өзгөртпөөгө чакырды Министр Кулубаев АКШнын элчиси менен миграция маселесин талкууладыУКМК ырчы Кайрат Примбердиевге кылмыш иши козголгонун билдирдиЖалган жалаа үчүн айыпка жыгылган адамдан өндүрүлгөн айып пул бюджетке түшөт Мүнхенде ашынган оңчулдарга каршы 250 миңдей адам катышкан акция өттүИзраил аскерлери Газадагы маанилүү коридордон чыгып кеттиИИМ Кыргызстанда 25 миңдей видео камера орнотулганын билдирди