Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы “Эркечтам” өткөрмө бекетине жакын жердеги көмүр логистикалык борбору быйыл курулуп бүтүп, ленталык конвейер ишке берилерин билдирди.
Бул тууралуу ал президент Садыр Жапаровдун Кытайга болгон мамлекеттик сапарында энергетика тармагында жетишилген келишимдер тууралуу маалымат берип жатып айтты. Анын видеосу министрликтин Фейсбуктагы расмий баракчасына жарыяланды.
2023-жылы Кытайдын премьер-министри Ли Цян Бишкекке расмий сапар менен келип, кытай компаниялары менен Кыргызстанда үч көмүр кенин бирге иштетүү жана кыргыз-кытай чек арасына чукул жерде логистикалык көмүр борборун түзүү тууралуу макулдашууларга кол коюлган.
Ошол кездеги маалымат боюнча, ленталык конвейердин узундугу 7,5 чакырым болот. Кытай өз тарабындагы конвейерди 2023-жылы эле куруп бүткөнү кабарланган. Кыргыз өкмөтү ал ишке кирсе Кытайга көмүр экспорту бир топ көбөйөт деп пландап жатат. (BTo)
Дагы караңыз
Кыргызстанда жыл башынан бери кызамык жуккан эки бала чарчап калдыАзербайжан Украинага гуманитардык жардам үчүн 1 млн доллар бөлөтТүркияда эки жыл мурдагы зилзаланын курмандыктары эскерилүүдө Сот Динара Кутманова менен анын уулун сегиз жылдан абакка кестиБээжинде Чыңгыз Айтматовдун бюсту орнотулдуМинистр “Эл үмүтү” стипендиясын алгандар Кыргызстанда иштебей жатканын айттыГрузиянын парламенти оппозициялык депутаттарды мандатынан ажыраттыКасымалиев АКШ элчиси Вигери менен эки өлкө кызматташтыгын талкуулады