Кыргызстанда былтыр өрт кырсыгынан 47 адам каза болду

Өрт кырсыктарынын бири. Сүрөт Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен алынды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Кыргызстанда 2024-жылы 3148 өрт кырсыгы катталып, андан 47 адам каза болгонун билдирди. Алардын ичинен жетөө балдар. Ошондой эле 27 киши ар кандай жаракат алган. Тилсиз жоо 883 млн 259 миң сом материалдык зыян алып келген.

Расмий маалымат боюнча, 2023-жылы баш-аягы 3 498 өрт кырсыгы катталып, 35 адам каза таап, 31 киши жаракат алган. Материалдык чыгым 1 млрд 410 млн 377 миң сом болгон.

Өрт кырсыктарынын көбү электр жабдууларын этиятсыз колдонуудан улам чыгат. Андан тышкары мештерди жана морлорду колдонууда да өрт коопсуздугу сакталбаганы тилсиз жоонун негизги себептеринин бири экени айтылып келет. (BTo)

Дагы караңыз

АКШ Мексиканын товарына бажы тарифтерин киргизүүнү бир айга токтотту3-февраль: Шыкмаматов Мишустинге жооп берди, Даниянын премьери "Гренландия сатылбайт" деди Эркин Чечейбаев саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалдыСтокголмдо Куран китебин өрттөөгө катышкан киши шарттуу кесилдиБишкек кайрадан абасы булганган шаарлардын сап башына чыктыСоциал-демократтар партиясынын мүчөсү кайрадан милицияга жеткирилгени кабарланды Сириянын Манбиж шаарында жардыруудан кеминде 19 киши набыт болду