Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 30-январда түнкүсүн жана күндүз көпчүлүк аймактарда, Баткен облусунун айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8, күндүз -3…+2;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10, күндүз -4…+1;
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз -1…+4;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз -1…+4;
Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17, күндуз -4…-9.
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5°, күндүз 0…2° болот.
Дагы караңыз
Санариптик өнүктүрүү министринин милдетин Азамат Жамангулов аткаратШаардык сот Султанбековду жана анын эки партиялашын камакта калтырдыУКМК Өзбекстанга мыйзамсыз дары жана тамеки ташыган канал аныкталганын билдирдиДепутат Малиев Текебаев жетектеген элчиликтин ишин текшерүүнү сунуштады