Освенцим - миллиондон ашуун өмүрдү жалмаган жай

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

27-январь Холокост курмандыктарын эскерүү күнү. Мындан 80 жыл мурда ушул күнү нацисттик Германиянын эң чоң концлагери Освенцим (Аушвиц) бошотулган. “Өлүм лагери” атыккан бул жай Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Германия басып алган Польшанын аймагында жайгашкан. Бул жерде бир миллиондон ашык адам жок кылынган. Алардын көбү жөөттөр болгон.