22-январдын аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда кар жаайт

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 22-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы мүмкүн. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын болбойт. Жалал-Абаддын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Күндүз көпчүлүк аймактарда, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 19-24 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз -3…+2;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз -2…+3;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4…+1, күндүз 2…7;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 2…7;

Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -3…-8

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3° суук, күндүз 0…2° жылуу болушу күтүлөт.

Дагы караңыз

Коррупция үчүн соттолгондордун президент же депутат болушуна бөгөт коюу сунушталуудаЖогорку Кеңеш комитети жарандардын маалымат коопсуздугу тууралуу мыйзам долбоорун артка кайтардыБотаникалык бактарга "корголуучу жаратылыш аймагы" макамы берилди"Сапат" билим берүү мекемесинин окуучуларынын ата-энелери президентке кайрылдыТрамп 2021-жылы Конгресске кирип баргандарга ырайым берди