Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусияда туткунда алты украин шаарынын мэрлери жана жамаат башчылары бар экенин билдирди. Ал Орусияда туткунда Днепрорудное шаарынын мэри Евгений Матвеев кыйноодон көз жумганын эске салды. Президенттин айтуусуна караганда, Матвеев 2022-жылдын март айында шаардыктарга жардам берип жатып колго түшкөн.
"Учурда Орусиянын туткунунда кеминде алты шаардын мэри жана жамаат башчылары бар. Алар эч күнөөсүз, жылдап камакта отурган миңдеген украиндердин катарында. 2022-жылдан бери эле эмес, айрымдары 2014-жылдан бери отурат. Биз аларды кайтаруу үчүн колдон келгенин кылып жатабыз. 3767 украинди туткундан кайтардык. Биз бул үчүн ортомчуларды тартуудабыз. Ар кандай саясий, юридикалык сүйлөшүү мүмкүнчүлүктөрүн издеп жатабыз",-деп белгиледи ал.
Зеленский туткунда гана кармап туруу жана аларды кыйноо гана кылмышка тете эмес, "дүйнөдө көптөр муну токтотуп, Орусияны жазалоо үчүн эч кандай аракет көрбөй жатканы да кылмыш экенин айтты.
"Биз Орусиядагы украин туткундарын коргоп, артка кайтарууда БУУ же Эл аралык Кызыл Чырым уюмунан кандайдыр бир пайда көрүп жатат дейсиңерби? Жок",-деди президент.
Матвеевдин Орусияда туткунда кыйноодон көз жумганын 4-декабрда белгилүү болгон. 2022-жылдын февраль айында орус аскерлери калааны өз карамагына алышкан. 13-мартта Матвеевге телефондон чалып, Запорожье кен комбинатынын жумушчулары орус аскерлеринин колуна түшкөнүн айтышкан. Ал жерине барып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жумушчуларды бошотуп, алардын ордуна өзү барымтага алынган.
Ал эки жыл сегиз ай туткунда отурган. Сөөгү жакында эки өлкө ортосунда жүргүзүлгөн туткундарды айырбаштоо жараяны алкагында кайтарылды.
Дагы караңыз
Румыниядагы шайлоо: ЕБ ТикТокту маалыматтарды өчүрбөөгө милдеттендирдиӨзбекстанда аткаминерлерди жапырт кармоо улануудаСириянын армиясы Хама шаарынан чегингенин билдирди