Кыргыз-немис кызматташтыгын арттыруу маселесин талкуулаган жолугушууга Германиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү катышканын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, 11-мартта Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Берлинде диаспора өкүлдөрү, активисттер жана Кыргыз-немис маданий борборунун мүчөлөрү менен жолугушуу өткөрдү.
Элчи эки өлкө ортосундагы саясий жана соода-экономикалык мамилелерди активдештирүү, Кыргызстандын экономикасынын ар кыл тармактарына инвестиция тартуу жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча пландары, максаттары тууралуу маалымат берди. Ошону менен катар Текебаев Германиядагы кыргыз жарандарын бул пландарды ишке ашыруу үчүн элчилик менен тыгыз байланышта болууга, сунуш-пикирлерди айтууга чакырды.
Белгилүү оппозициялык саясатчы Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештин төрагасы, парламенттин алты чакырылышынын депутаты, 2010-жылы Апрель революциясынан кийин Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары болгон. Германияга элчи болуп өткөн айда дайындалган. (RK)
Дагы караңыз
Киевде Орусиянын чабуулунан эки киши өлдү. Москва үч күндөн бери дрондордун бутасында Ирак: АКШ консулдугунун жанында бир нече ракета жарылдыБишкекте кесип тандоо боюнча форум өтүүдөУкраина: Яворов шаарында Орусиянын ракеталык аткылоосунан кеминде тогуз адам каза болду