Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:41

Жеңиш парады: Бээжин Москвага ачык колдоосун билдирдиби?


Москва, 9-май.
Москва, 9-май.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Москвага баруудан баш тарткандан кийин Кызыл аянттагы парадга 30ка чукул лидер күбө болду. Көпчүлүктүн көңүлү Украинага каршы согушта Кремлге ишенимдүү өнөктөш болгон Кытайдын лидери Си Цзинпинге бурулду.

Бээжин менен Москванын достугу

Кремл Жеңиш парадына келүү каалоосун 200дөн ашуун лидер билдиргенин, бирок айрымдары ар кандай себептен улам келе албай калганын маалымдаган.

Орусиянын президенти Владимир Путин cоңку жылдары Кремл саясий пропагандага айланткан Жеңиш парадын ачып жатып, "атайын аскердик операция" деп атаган Украинадагы согушту учкай сөз кылды. Ошол эле маалда "неонацист, русофобия, антисемитизм" деген сөздөрдү бир нече жолу кайталады:

Владимир Путин Орусиянын президенти
Владимир Путин Орусиянын президенти

"Орусия нацизмге, русофобияга жана антисемитизмге каршы бузулгус чеп бойдон турат. Биз бул агрессивдүү, деструктивдүү идеяларды колдогон аракеттерге каршы күрөшөбүз. Чындык менен адилеттик биз тарапта. Атайын аскердик операциянын катышуучуларын биздин бүткүл өлкөбүз, коомубуз жана элибиз колдойт. Биз алардын каармандыгы жана кубаттуулугу менен сыймыктанабыз. Алар бизге ар дайым жеңиш гана алып келген".

Кызыл аянттагы параддан Москва "атайын аскердик операция" деп атаган Украинадагы согушка катышкан аскерлер да өттү.

Жеңиш күнү Москванын саясий куралына айландыбы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:35 0:00

Көпчүлүктүн көңүлү Украинага каршы согушта Орусияга ишенимдүү өнөктөш болгон Кытай лидери Си Цзинпинге жана бул өлкөнүн аскерлерине бурулду.

Саясий аналитиктер бул жолу Бээжин аскерлерин парадга катыштырса, Кремлге колдоосун ачыктайт деп сыпатташкан.

Бээжин 2022-жылы Украинада согуш башталгандан бери орустардын мунай-газын сатып алып, улуттук экономикасын талкалап салбай кармап турууда жана аскердик операциясын каржылоодо Москвага огожо болуп берди.


"Мамлекет башчы Си Цзинпин Кытай менен Орусия жакын кошуналар, кайгы-кубанычты тең бөлүшкөн ишенимдүү достор жана ийгиликке жеткен мыкты өнөктөштөр экенин белгиледи. Кытайдын мамилеси так тарыхый логикага, ички кыймылдаткыч күчкө жана терең цивилизациялык мураска ээ. Бул үчүнчү тарапка каршы багытталган жок жана аларга көз каранды эмес", - деди Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Линь Цзян.

Бээжин Москва жакын коңшусуна басып кирип, согуш ачканын ачык айыптаган эмес. Рейтер жазгандай, кытай лидеринин Кызыл аянтта турганы чыңалган геосаясий кырдаалда, Орусия эл аралык коомчулуктун кысымына туш болгон маалда Путинге дем берет.

9-майда Bloomberg басылмасы Москва менен Киевдин ортосундагы тынчтык келишими бардык кызыкдар тараптардын диалогунун аркасы менен ишке ашарын жазды. Маалыматка караганда, кытай лидери Си Цзинпин мындай пикирин бейшембиде орус президенти менен Москвада жолукканда билдирген.

Bloomberg Си Цзинпиндин бул билдирүүсү АКШ лидери Дональд Трамптын сүйлөшүүлөргө Бээжинди аралаштыруу тууралуу оюнунан кийин айтылганын жазды.

Трамп бейшембиде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Украина менен Орусия тынчтык келишимине жакынкы күндөрү жетерин дагы бир жолу кайталаган. Ал бул маселенин айланасындагы сүйлөшүүлөргө Бээжинди аралаштыруу "күтүлгөн нерсе" экенин билдирген.

Кытайдын лидери Си Цзинпин жана Орусиянын президенти Владимир Путин.
Кытайдын лидери Си Цзинпин жана Орусиянын президенти Владимир Путин.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Москвага баруудан баш тарткандан кийин Жеңиш парадына 30га жакын өлкө лидерлери келди. Мурдагы советтик республикалардан: Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстандын жана алыстан Боливиянын, Кубанын, Венесуэланын, Бразилиянын жана башка өлкөлөрдүн жетекчилери сыйлуу конок болушту.

Трамптын талабы, Киев менен Москванын тынчтык келишими

Москва Жеңиш күнүн утурлай жарыялаган үч күндүк жарашуунун 2-күнүндө Украинада октун үнү басылган жок. Днепропетровск облусунда Орусиянын чабуулунан бир киши жараат алса, Запорожьеде бир адам набыт болду. Облус бийлиги өткөн түнү аймакка абадан 220 сокку жасалганын билдирди.

Сумы облусунун бийлиги жумага караган түнү Орусия бул аймакка 40 бомба таштаганын кабарлады. Полтовада ракета абадан атып жок кылынганын жергиликтүү бийлик билдирди.


Орусияда өткөн түнү Украина менен чектеш Белгород, Курск, Воронежде абадан эскертүү жаңырды. Белгород облусунун губернатору абадан сокку урулганын кабарлап, жабыркагандар тууралуу айткан жок.

АКШ лидери Дональд Трамп Орусиянын Украинага сунуштаган үч күндүк жарашуусу тууралуу үн катты.

АКШ президенти Дональд Трамп.
АКШ президенти Дональд Трамп.

"АКШ эч кандай шартсыз 30 күнгө ок атууну токтотууну талап кылат. Ал аткарылбаса, АКШ өнөктөштөрү менен бирге кошумча санкцияларды салат. Күнүгө миңдеген жоокердин өмүрү кыйылууда. Баары мунун тез арада аякташына ынтызар болушу керек. Мен, АКШ да ушуну каалайбыз", -деп жазды Дональд Трамп Truth Social баракчасына.

8-майда Трамп Украинанын президенти Владимир Зеленский менен телефондон сүйлөштү. Зеленский Киев 30 күнгө ок атышууну токтотууга макул экенин, Москва дагы ушундай чечимге келерине үмүттөнүп турганын билдирген.

Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

"Украина ар кандай форматтагы сүйлөшүүлөргө даяр. Бирок бул үчүн Орусия согушту токтотууга даяр экенин ок чыгарбай далилдөөгө тийиш. Президент Трамп согушту токтотууну каалай турганын жана ага жетүү үчүн колдоо көрсөтөрүн билдирди".

Бейшембиде украин парламенти АКШ менен жетишилген сейрек минералдар боюнча келишимди ратификация кылды. Бул документке Вашингтон менен Киев 30-апрелде кол койгон.

Март айында АКШ сунуш кылган келишимдин долбооруна украин тарап каршы пикир билдирген. Келишимдин алгачкы версиясына февраль айында кол коюлмак. Бул үчүн Украинанын президенти Владимир Зеленский Вашингтонго атайын барган. Бирок Ак үйдө эки президент кайым айтыша кетип, макулдашууга кол коюлбай калган.

Президент Трамп бул келишим АКШга акыркы үч жылда Украинага берген жардамын кайтарып алуу мүмкүнчүлүк түзөрүн жана ал өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө болорун айтып келет.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Шерине

XS
SM
MD
LG