Фестивалга Кыргызстандан жыйырмадан ашык спортчулар келип улуттук спорт оюндарынын 13 түрү боюнча ат салышат.
Стамбулда көчмөндөр таймашат

1
Фестивалга Кыргызстан, Казакстан, Иран, Ооганстан, Жапония жана Монголия сыяктуу 14 өлкөнүн улуттук оюндарынын спортчулары катышып жатат.

2
883 спортчу өз өнөрлөрүн көрсөтүп, таймашат.

3

4
Кыргызстандан келген спортчулар көк бөрү, жаа атуу, ордо, тогуз коргоол сыяктуу көчмөндөрдүн улуттук оюндары боюнча күч сынашат.

5
Кыргызстандык ат үстүндөгү акробаттар тобунун ачылыш аземиндеги программасы көрүүчүлөрдүн айрыкча алкышына татыды.

6
Иш-чарада 43 боз үй тигилип, мелдештер түрк тилдүү өлкөлөрдөн келген өкүлдөрдүн концерттик программасы менен коштолду.

7
Фестивалдын катышуучусу

8
Уюштуруучулар бул жылы өзгөчөлөнүп көчмөн маданиятын тааныткан улуттук даамдарды дагы келген конокторго сунушташты.

9
Фестивалдын алкагында Түркиянын аймактарынан келген кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөлөрү, сынактар уюштурулган.

10

11
Быйыл үчүнчү жолу уюштурулуп жаткан иш-чара Дүйнө этноспорт конфедерациясынын колдоосу менен өтүп жатат.

12
Фестивалдын катышуучусу

13

14

15

16

17
13 өлкөдөн келген ашпозчулардын жасаган тамактары фестиваль өтүп жаткан аянттын чок ортосунда жайгаштырылды.

18