Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:44

Талибдер менен бий. Ооган режимин таануу артында эмне турат?


2021-жылы оогандык "Талибан" кыймылы бийликке келгенден кийин чет элдик өкмөттөр аларга сыртын салган эле. Бирок кийинки кезде алар эл аралык байланыштарды кармоодо ийгиликке жетти.

Өтүп бараткан жумада Индиянын атайын чабарманы Ананд Пракаш Кабулда болуп, талибдердин жогорку лидерлери менен саясий жана соода байланыштарын бекемдөөнү сүйлөштү.

Ага чейин Өзбекстандын тышкы иштер министри Бахтиер Саидов Ташкентте талибдердин делегациясын кабыл алып, темир жолго байланыштуу сүйлөшүү жүргүзгөн.

Өткөн жумаларда Орусия талибдерди террордук уюмдардын катарынан чыгарып, элчилик ачууга макул болгон.

Азырынча эч ким талибдердин режимин расмий тааный элек. Аны көп учурда адам укугун бузууга, айрыкча кыздар менен аялдарга кылган мамилеси үчүн сындап келишет. Бирок, акырындык менен эл аралык чөйрөдө аларды таанууга жол ачылып жаткандай.

"Чоң державалар бул террордук уюмдарды дипломатиялык жактан таанууда ич ара атаандашып жаткандай сезилет", - дейт ооган саясат талдоочусу Фахим Кухдомани "Настоящее время" телеканалына.

Кытай талибдердин элчисин 2024-жылы январда кабыл алган биринчи өлкө болуп калды. "Бир кемер, бир жол" демилгесинин алкагында Бээжин ооган режими менен инфратүзүм жана инвестиция жаатында сүйлөшүү жүргүзүүдө.

Орусиянын Ооганстанда каалаганы эмне?

Орусия дагы Ооганстанда айрыкча тоо-кен жана энергетика тармагында экономикалык долбоорлорду өнүктүрүүгө кызыкдар. Ал талибдер бийликке келгенден кийин Кабулдагы элчилигин рангын гана төмөндөтүп койгону болбосо сактап калган.

"Орусиялык атайын кызматтар талибдер менен алакасын эч качан үзгөн эмес", - дейт Кухдомани.

Коопсуздук тууралуу айтсак, Орусиянын башкы кызыкчылыгы 2024-жылы "Крокус Сити Холлдо" терактка жоопкерчилик алган "Вилаят Хорасан" тобу менен күрөшкө барып такалат.

Делидеги Observer Research Foundation (OSR) аналитикалык борборунда иштеген Алексей Захаров дагы Орусия Ооганстанда экономикалык максаттарды көздөрүн айтты.

"Орусиянын жана талибдердин өкүлдөрү 50 млн метр куб суюлтулган газдын транзити боюнча Казанда майда өтүүчү форумда келишимге кол коеру күтүлүүдө", - деп жазды ал 28-февралда. Бул транзит аркылуу газ Түштүк жана Түштүк Чыгыш Азияга кетмекчи. "Бирок аны Ооганстан аркылуу алып өтүү жана коопсуздук маселеси жыйынтыгында макулдашууга тоскоолдук жаратышы мүмкүн", - дейт Захаров.

Ушундай эле көйгөйлөр жогоруда айткан Өзбекстан-Ооганстан-Пакистан аркылуу кете турган темир жол долбоорун ишке ашырууда да жаралышы мүмкүн.

Пакистандын айланасындагы чыңалуу

Исламабад "Техрик-е Талибан Пакистан" (ТТП) тобун жашырууга айыптаганы үчүн азыр талибдердин Пакистан менен мамилеси чыңалып турат. Пакистан бийлиги 27-апрелде өлкөнүн армиясы чек арадан өтүүгө аракет кылган 54 жоочуну жок кылганын билдирди.

Акыркы убакта Пакистан 100 миңдей ооган качкынын террорчулар менен байланышы жана маңзат аткезчилиги үчүн айыптап, депортация кылды.

Бул чыңалуу талибдер менен мамилесин оңдогусу келген Индиянын пайдасына ооп турат. Дели менен Исламабаддын ортосу ушу тапта 22-апрелде Кашмирде жоочулардын кол салуусунан 26 адам өлгөндөн кийин муздап турган кези. Индия кол салгандар Пакистан менен байланышта экенин айтса, берки тарап аны четке кагууда.

"Индия талибдер менен Пакистандын ортосундагы олку-солку маанайга дыкат көз салып турат", - деди Висконсин штатындагы университетте эл аралык мамилени окуткан Наджиб Азар "Эркин Европа-Азаттык" радиосуна курган маегинде. - Ал боштукту толтуруп, Пакистан талибдер арасында курчуткан антииндиялык маанайды жайгарууга аракет кылууда".

Наджиб Азар талибдер басып алганга чейин Ооганстан өкмөтүнүн басма сөз катчысы болгон.

2021-жылы аскерин чыгарып кеткенден кийин Батыштагы державалар "Талибан" кыймылынан өзүн оолак кармоого аракет кылат. Алар муну менен катар талибдердин адам укугун бузганын сындап келишет. Бирок ушул жерде дагы өзгөрүүлөр байкалууда.

Британ өкмөтү марттагы докладында ал талибдердин өкүлдөрү менен Катардагы өз элчилиги аркылуу "чектелген жана ойлонулган" саясат жүргүзүп жатканын жазган. Германиянын жаңы канцлери Фридрих Мерц өз өлкөсүнүн аймагында мыйзамсыз жүргөн жана тартип бузган оогандарды депортация кылуу үчүн "Талибандын" өкүлдөрү менен түз сүйлөшүүгө чакырды.

Мерц төрагалык кылган Христиан демократтарынын тышкы саясат боюнча өкүлү Юрген Хардт февралда РСЕ/РСке батыш өлкөлөрүнө реалдукка тике кароого убакыт келгенин айткан.

"Алар (талибдер-ред.) бийликте турат. Ошол эле маалда таануу маселеси да бар деген ал, ооган режимине карата европалык саясаттын эки түрдүү мүнөзүн эске салып. - Мен Европа Биримдигинин бул жаатта жалпы туруму болушу керек деп ойлойм. Азырынча ал жок, мүмкүн өзгөчө кырдаалдарда пайда болушу мүмкүн".

АКШ өкүлдөрү талибдер менен түз сүйлөшүү өткөрүүгө жетишкен. Март айында алар Кабулда болуп, ал жакта кармалып турган америкалыктарды бошотууга жетишкен.

Вашингтон буга жооп катары "Хаккани түйүнүнүн" үч мүчөсү анын ичинде талибдердин ички иштер министрине салынган санкцияны жойгон.

"Менимче, Москванын талибдерди тероррдук уюмдардын тизмесинен чыгаруу чечими Вашингтон бул кадамды жасагандан кийин кабыл алынды", - деп комментарий берди ооган саясат талдоочусу Фахим Кухдомани.

Эки америкалык боштондукка чыгып, бир нечеси Ооганстанда кармалып турат. Кошмо Штаттар мурдагыдай эле "Талибанды" жана "Хаккани түйүнүн" террордук уюмдар катары карайт.

Наджиб Азар талибдер көп өлкө менен алакасын оңдоого аракет кылып тобокелдикке барып жатканын айтууда.

"Тобокелдик глобалдык жана аймактын державаларга Ооганстанды акыркы элүү жылдагыдай эле атаандаштык аянтчасына айлантышы мүмкүн. "Талибандын" бул державалар менен тең салмактуу саясий турумун иштеп чыгууга жөндөмсүз экенин эске алганда, талибдер кайрадан эле чөлкөмдөгү туруксуздук катализатору болуп калышы мүмкүн", - дейт Наджиб Азар.

Макаланы "Озоди" радиосу, "Настоящее время" жана Рэй Фурлонг даярдаган.

Кыргызчага Санжи Туйтунова которду

Шерине

XS
SM
MD
LG