20 жылдан ашык иштебей турган Нарын аэропортуна 16-июль күнү кайрадан SAAB – 340 учагы келип конду. Мындан кийин жумасына эки жолу Бишкек-Нарын-Бишкек каттамы жүрө баштайт. (Токтосун Шамбетовдун сүрөт баяны)
Нарынга учак каттамы жанданды

1
Салтанаттуу иш-чарага Sky Bishkek компаниясынын учагы менен Транспорт жана байланыш министрлигинин өкүлдөрү болуп 30дай киши келди.

2
Учак азырынча жумасына бир жолу каттап турат, кийин жүргүнчүлөрдүн талабына жараша аба каттамы көбөйөт.

3
Учурда аэропортто 8 киши эмгектенип жатат. Аба майдан Нарын шаарынан 10 чакырым алыстыкта жайгашкан.

4
Каттамды Кыргызстандын Sky Bishkek компаниясы жүргүзмөкчү.

5
Облус башчысы Канатбек Муратбеков Нарын жергесине инвесторлорду тартуу жана туризм тармагы өнүгүү үчүн аба каттамдары керек деп эсептейт.

6
Атайын Нарын шартына ылайыкталган SAAB – 340 үлгүсүндөгү, отуз үч орундуу учак жүрөт.

7
1964-жылы ишке кирген Нарын аэропортунда 1990-жылдардан тарта аба каттамдары токтоп калган.

8
Жол кире акысы эки миң бир жүз сом. Пенсионерлерге, жаш балдарга арзандатуулар каралган.

9
Келечекте каттамды жумасына эки жолу: дүйшөмбү жана жума күндөрү жүргүзүү пландалып жатат.

10
Транспорт жана байланыш министрлигинин басма сөз катчысы Кылычбек Досумбековдун айтымында, жол кире акысы кийинчерээк арзандашы мүмкүн.

11
Көп жыл иштебей тургандыктан аэропорт имараты оңдоп-түзөөгө муктаж.

12
49 гектар жерди ээлеген аба майдандын узундугу 2135, туурасы 40 метр.

13
Бишкек-Нарын аралыгы учак менен 45 мүнөттүк жол.