Беттеш Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков стадионунда өтүп, аны көрүү үчүн 15 миңден ашык көрүүчү келген.
"Ак шумкарлардын" бүйүр кызыткан оюну
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы палестиналык футболчулар менен жолдоштук беттеште күч сынашып, 2:2 эсебинде тең чыкты. Азия Кыргызстанга таандык голду Турсунали Рустамов менен Бекжан Сагынбаев киргизди.

1
Кыргызстан менен Палестина курамаларынын беттеши "Ак шумкарлардын" Азия кубогунан кийинки өз талаасында өткөрүп жаткан алгачкы беттеши.

2
Беттеш Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков стадионунда өтүп, аны көрүү үчүн 15 миңден ашык көрүүчү келген.

3
"Ак шумкарлар".

4
Палестина курама командасы.

5

6
Биринчи таймдагы Турсунали Рустамовдун голу Кыргызстандын курама командасынын күйөрмандарын толкутту.

7
Турсунали Рустамов Миролим Ахмодовдун (15 номер) топ узатуусунан соң гол киргизди.

8

9

10
Чабуулга чыккан "Ак шумкарлардын" тобу атаандаш дарбазасынын жанынан өтүп, күйөрмандарды санааркатты.

11

12
"Ак шумкардын" күйөрманы Амирхан.

13
Экинчи тайм Кыргызстан курама комадасынын оюнчусу Бекжан Сагынбаевдин голу менен башталды. Ал башы менен дарбазага таамай топ салды.

14
Айрым күйөрмандар футболчуларга ыр арнап, оюнга өзгөчө шаң кошту.

15

16
Бирок көп өтпөй Палестина курама командасы эсепти 2:1 кылууга жетишти.

17

18
Оюн бүтөрүнө саналуу секунда калганда палестиналыктар пенальтиден гол киргизип, эсепти теңеп кетти. Мында Мирлан Мурзаев айып аянтчасында колу менен ойногон.

19

20
Буга чейин Кыргызстан менен Палестинанын курама командалары өз ара беш жолу беттешип, эки ирет тең ойношсо, эки ирет Кыргызстандын жеңиши менен аяктап, бир жолу жеңиш Палестинанын курама командасы тарабында болгон.