Сүрөттөрдүн архивин бул жерден көрсөңүз болот.
Көз жаш, согуш жана табият. Дүйнөнүн бир жумасы
"Эркин Европа-Азаттык" радиосунун 2025-жылдын 18-жумасында топтогон сүрөттөрү.

Каптагы картөшкөнү көтөрүп бараткан жумушчу. Исламабад, Пакистан.

Украиналык аскерлер Leopard 2A4 танкынан аскердик окуу маалында ок атууда.

Ооган чабандестери бузкаши оюнун ойноп жатышат. Бадахшан, Ооганстан.

Орусиянын учкучсуз учагы аткан жерде турган украин полициясынын кызматкери. Одесса, Украина.

Синд провинциясынан агып өткөн Инд дарыясында сүзүп жүргөн адамдар. Пакистан.

Рейхстагга туу сайган советтик аскердин сүрөтү түшүрүлгөн баннер. Бул баннерге Экинчи дүйнөлүк согушка катышкан 4500 ардагердин сүрөтү чапталган. Баннер Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата даярдалган.

Орусиялык дрон тийген көп кабаттуу үйдүн жанында украиналык куткаруучулар иштеп жатат. Запорожье, Украина.

Көмүр менен иштеген станциянын жанында уя салган турналар балапандарына кам көрүүдө. Обилич, Косово.

Үйгө керектүү буюм-тайымдар сатылган чакан күркө. Исламабад, Пакистан.

Өзүнүн өнөрканасында чоподон идиштерди жасап жаткан уста. Кандагар, Ооганстан.

Ысыкта каналдагы сууга чөмүлгөн буйволдор. Ларкан, Пакистан.

Пакистандык аял Индияын Амритсара аймагына жакын Аттари-Вагах чек ара бекетинен өз өлкөсүнө кайта турган маалда ыйлап жаткан кези. Индия Кашмирдеги туристтерге кол салуудан кийин Пакистандын атуулдарына берген визаларды жокко чыгарган.

Украин аскерлери Запорожье облусунда "Вампир" дронун даярдап жаткан кези.

Улуттук Белужистан партиясынын тарапташтары бул аймакта камакка алынган активист Махранг Белуждун сүрөтүн кармап турушат. Кветта, Пакистан.

1-май эмгек күнүндө кыйкырып жаткан нааразы адам. Приштина, Косово.

Адам оптика булалуу FPV-дронду кармап турат. Константиновка, Донецк облусу. 2-май, 2025-жыл.
!role~Preview!mt~photo!fmt~JPEG%20Baseline)
Ыйыктардын сүрөтүн кармап, шайлоо участкасынын жанында тургандар. Бухарест, Румыния.