Акылбек Жапаров кызматтан күтүүсүз кетти
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 16-декабрда кызматтан кетти. Ал "Ынтымак ордодо" президенттик администрациянын кызматкерлери жана өкмөттүн мүчөлөрү менен коштошуп, имараттан чыгып кетти. Коомчулукта анын иштен кетиши күтүүсүз окуя катары бааланууда. Бул Салык кызматындагы коррупциялык иш иликтенип жаткан учурга туш келди. Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасы кызматынан бошотулганы расмий ырасталды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматта Акылбек Жапаров башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматтан бошотулганы айтылат.
Чыгарылыштар
-
Май 02, 2025
Сөз эркиндиги: Кыргызстан 24 баскычка артка кетти
-
Май 01, 2025
Одесса: Орусиянын чабуулунан эки киши набыт болду
-
Апрель 30, 2025
Журналист Канышай Мамыркулова камакта калды
-
Апрель 30, 2025
Парламент: "Ыйман Нурундагы" кызматтык мамиле
Шерине