Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:18

"Жол көрсөткөн чырак". Жаңы папа Леон XIV Ватиканда таат окуду


Рим папасы Леон XIV. Ватикан. 9-май, 2025-жыл
Рим папасы Леон XIV. Ватикан. 9-май, 2025-жыл

9-майда Рим католик чиркөөсүнүн жаңы башчысы папа Леон XIV Ватиканда алгачкы таатын окуду. Андан бир күн мурда жаңы понтифик болуп шайланган америкалык кардинал Роберт Фрэнсис Превост көп жыл бою Перуда иштеген. Болочок папанын АКШ администрациясын миграция маселесинде сындаганы белгилүү.

Эксперттердин айтымында, биринчи тааттан адатта жаңы папанын башкаруусу кандай болорун баамдаса болот. Леон XIV жараткандан адамдарды "өз күнөөлөрүн моюнга алууга үйрөтүүнү" сурады. Ошондой эле чиркөө "бул дүйнөнүн караңгы түндөрүндө" жол көрсөткөн чырак болушу керек деп айтты.

1955-жылы АКШнын Чикаго шаарында туулган Роберт Превост 1,4 млрдга жакын жолдоочусу бар Рим католик чиркөөсүнүн башына келген алгачкы америкалык.

АКШнын президенти Дональд Трамп бир аз таң калганын, ошол эле маалда өзүн бактылуу сезгенин айтып, жаңы папанын Америкадан чыкканы “өлкө үчүн чоң сыймык экенин” белгиледи.

Өзүн реформатор деп эсептеген папа көптөгөн жыл Перуда миссионер болуп иштеп, ошол жакта архиепископ диний наамы берилген.

2015-жылы Превост Перунун жарандыгын алган жана 2023-жылга чейин Чиклайо деген шаардын епархиясын (бир нече чиркөөнүн тобу) жетектеген.

Роберт Фрэнсис Превост Рим папасы болуп шайланган күнү. Ватикан, 8-май 2025-жыл
Роберт Фрэнсис Превост Рим папасы болуп шайланган күнү. Ватикан, 8-май 2025-жыл

Конклавдагы шайлоону жеңгенден көп узабай Ватикандагы Ыйык Петр аянтына чогулган элге жасаган алгачкы кайрылуусунда “Чиклайодогу сүйүктүү динзарларга” өзүнчө салам жолдоду.

Мындан эки жыл мурун маркум папа Франциск аны дүйнөнүн ар кайсы жериндеги епископторду, башка жогорку кызматтарга тандаган органдын (дикастерия) башына дайындаган.

Превост эки ирет ыйык Август негиздеген ордендин башчысы болуп шайланган.

Андан тышкары дүйнөдөгү католиктер эң көп жашаган Латын Америкасы боюнча комиссияны жетектеп келген.

Католик журналисттердин сайты анын көз караштары папа Францисктикине окшош деп жазат.

АКШнын вице-президенти, католик Жей Ди Вэнс да Леон XIV куттуктады.

Бирок маалымат каражаттары Превост февралда Вэнс менен тартыша кеткенин эске салышат.

Вице-президент христианчылыкта" адегенде үй-бүлөңдү, жакындарыңды, мекендештериңди андан кийин гана дүйнөнү сүйүшүң керек" деген түшүнүк бар деген таризде пост жазган.

Кардинал ошондо National Catholic Reporter басылмасына чыккан “Жей Ди Вэнс жаңылышып жатат: Ыйса пайгамбар адамды сүйүүнү артыкчылыктуу же артыкчылыктуу эмес деп бөлүүнү сурабайт” деген аталыштагы макаласы менен бөлүшкөн.

Дегеле болочок папа АКШын жаңы администрациясын асыресе мигранттар маселесинде социалдык тармактарда сындап келгенин дүйнөлүк медиа жазды.

Жаңы папанын атасы, теги италиялык-франциялык Луи Мариус Превост Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагери болчу, энеси Милдред Мартинездин теги испаниялык.

Леон XIV эки эркек бир тууганы бар.

Шерине

XS
SM
MD
LG