Украинанын коопсуздук кызматы Венгриянын кызыкчылыгында иштеген тыңчылык түйүн аныкталганын билдирди. Коопсуздук кызматы белгилегендей тыңчылар Украинанын Закарпатье аймагы боюнча маалымат чогултушкан. Атайын кызмат венгр тыңчылары кармалган бул биринчи учур экенин маалымдады.
Украинанын батышындагы Закарпатье облусу Венгрия менен чектешет. Аймакта этностук мажарлар жашайт.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча тыңчылар украин аскерлеринин коргонуу жайларына, аскер күчтөрүнө жана элдин маанайына кызыгышкан. Киев билдиргендей, тыңчылардын негизги милдети аймактагы чет элдик, анын ичинде венгр аскер бөлүктөрүнүн пайда болушуна калктын көз карашын билүү болгон.
Украин коопсуздук кызматы тыңчылык түйүндүн куратору жана кызматкери делген эки адам кармалганын маалымдады. Алардын бири мурдагы аскер кызматкери, венгрлер жашаган райондун тургуну. Тергөөнүн маалыматына караганда жашыруун түйүнгө 2021-жылы кирип, 2024-жылдын сентябрында коомдук маанайды талдоо, мыйзамсыз курал-жарактардын бар-жогуна көз салуу, коопсуздук күчтөрү жана венгр калкынын миграциясы тууралуу маалыматтарды берүү боюнча тапшырмаларды алган.
Ал ошондой эле украиналык С-300 абадан коргонуу системаларын жайгаштыруу боюнча маалыматтарды чогултуп, андан кийин оорулуу атасын багам деген шылтоо менен Венгрияга кеткен. Андан кийин башкаларды жалдоонун жолдору тууралуу маалымат алып, бул ишке кеминде эки адамды тарткан. 2025-жылдын март айында ага атайын байланыш жабдуулары берилип, аскердик транспортту көзөмөлдөө, Украинанын куралдуу күчтөрүнүн жоготуулары жана фронттогу кырдаал боюнча маалымат чогултуу тапшырылган.
Кармалгандардын экинчиси да мурда аскерде кызмат өтөгөн аял экени белгилүү болду. Ал Украинанын коргонуу каражаттары тууралуу маалымат чогулткан.
Кармалгандарга "мамлекетке чыккынчылык" беренеси боюнча айып тагылды. Бул берене боюнча үй-мүлкүн конфискациялоо жана өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы каралган.
Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто Киев венгриялык тыңчылык түйүн тууралуу эч кандай маалымат бербегенин айтып, муну "Венгрияга каршы пропаганда" деп атады. Министр украин тарап эч бир негизсиз "пропагандага айлантып" жатканын айтып, өз жарандарын мындай жаңылыктарды "этияттык менен кабыл алууга" чакырды.
Украин атайын кызматынын бул билдирүүсү Киев менен Будапешттин алакасы чыңалып турган учурга туш келди. Венгриянын өкмөт башчысы Виктор Орбан орус президенти Владимир Путин менен ынак мамиледе болуп, Батыштын Москвага салган санкцияларына кошулган эмес.
2011-2020-жылдары Венгриянын өкмөтү Закарпатье аймагына кеминде 115 миллион евро бөлгөнүн "Азаттык" радиосунун "Схемалар" долбоору европалык жураналисттер менен бирге аныктаган. (AiA)
Шерине