Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:50

Кытай лидери Жеңиш күнүн утурлай Москвага расмий сапар менен барат


Си Цзинпин.
Си Цзинпин.

Кытайдын лидери Си Цзинпин үч күндүк расмий сапары менен Орусияга барат. Бул тууралуу Кремл да, Кытайдын Тышкы иштер министрлиги да расмий маалымат таратты. Сапардын жүрүшүндө кытай лидери Экинчи дүйнөлүк согуштун 80 жылдыгына арналган мааракелик иш-чарага катышат.

Мындан тышкары эки тараптуу сүйлөшүүлөр өтүп, анда эки мамлекеттин өнөктөштүк жана стратегиялык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү, эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер талкууланат.

Сапардын жүрүшүндө өкмөттөр жана мекемелер аралык бир катар документтерге кол коюлары күтүлүүдө.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү “жолугушуу эки өлкөнүн саясий ишенимин бекемдеп, стратегиялык координацияны тереңдетип, көп тармактагы кызматташтыкты өнүктүрөт жана эки элге пайда алып келип, дүйнөлүк коомчулукка туруктуулук жана оң энергия тартуулай” турганын билдирген.

Быйыл 9-майда Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын 80 жылдыгы белгиленет. Адаттагыдай бул ирет дагы Москванын Кызыл аянтында Жеңиш күнүнө арналган аскердик парад өтөт. Майрамдык иш-чарага Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлери жана Орусиянын бир катар өнөктөш өлкөлөрүнүн башчылары катышары күтүлүүдө. Словакиянын өкмөт башчысы Роберт Фицо да Москвага барууга ниеттенип жатканын жекшембиде билдирди. Анын сапары ишке ашса, бул Евробиримдикке кирген өлкөлөрдөн парадга катышкан жалгыз лидер болуп калат. Еврошаркеттин тышкы саясат боюнча комиссары Кая Каллас биримдиктин лидерлерин Москвага барбоого үндөгөн.

Владимир Путин Жеңиш күнүнө байланыштуу Украинадагы ок атышуу үч күнгө токтотуларын жарыялаган. Украин лидери Владимир Зеленский Кремлдин бул чечимин “шылдың” катары мүнөздөп, ок атышууну жок дегенде 30 күнгө эч кандай шартсыз токтотууну сунуштаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG