Ош шаарында 3000 жыл мурдагы архитектуралык курулуштардан тарта совет мезгилиндеги имараттарга чейин сакталып калган. Өзгөчө СССРден калган бир канча көп кабаттуу үйлөр, ири ишканалардын имараттары, заводдор, аялдамалар, эстеликтер жана дубал бетиндеги сүрөттөр азырга дейре сынын жоготкон эмес. Төмөндө бүгүн да сакталып, шаардын көркүнө көрк кошуп турган совет доорундагы ошол имараттарды көз алдыңыздарга тармакчыбыз. Аны бүгүнкүдөй түстүү эмес, кудум совет доорундагыдай элес калтырсын деген тилекте ак-кара түстөгү сүрөттөр менен бердик. Башкача айтканда, ХХI-кылымдагы “Советтик Ош шаарын” сүрөттөрдөн көрүп, өткөндү бир эскерип алыңыз.
Биздин күндөгү “Советтик Ош”

21
Калаада көпчүлүк балдар аянтчасы да, совет учурундагыдай эле баллондор менен эле шөкөттөлгөн учурлары арбын.

22
Мурдагы Батыш, азыркы Кулатов кичирайонунда жайгашкан Аскер шаарчасы советтик мезгилдин келбетин сактап турган эң чоң район. Мында көп кабаттуу үйлөр, балдар аянтчалары, ишканалардын имараттары да бүт эле СССР мезгилиндегиге окшошуп кетет.

23
"Кош келиңиздер!" деген бул жазууну бир кезде "Өзбек ССРинен" кирип келаткандар окуса, азыр Өзбекстандан келаткандар окуйт.

24
Бир кездеги Ош шаарынын борбордук авто бекети, азыр четки бекет болуп калган. Башкача айтканда, бекет калаа сыртында болгондуктан учурда бул жерге эч ким каттабайт, эч бир автобус токтобойт.

25
Союздун атактуу балмуздагы, коктейли жана газдалган суусу азыр Ошто жок, бирок аларды саткан дүкөндөр бар.

26
ХХ кылымдагы имарат - ХХI кылымдагы банк.

27
Ош шаарындагы №1 балдардын музыкалык мектеби. Ушу күндөр.