Ош шаарында “Көп улуттуулук- элибиздин байлыгы» деген аталыштагы түрдүү улуттардын маданий мааракеси өтүүдө. Кыргызстан эл ассамблеясынын 20 жылдыгынын алкагында, бүгүн Ошто жашаган түрдүү улут өкүлдөрүнүн маданий жарманкеси уюштурулду. Ага улуттук кийимдерин, тамак-аштарын, каада-салттарын жана тарыхын чагылдырган 13 улуттук маданий борбордун өкүлдөрү катышты. “Көп улуттуулук- элибиздин байлыгы» деген аталыштагы бул иш-чара алкагында айрым интернационал үй-бүлөлөр сыйланды.
Ош: ар улуттун маданий жарманкеси

1
Жарманкедеги түрк байбичелери.

2
Түрктөр келиндин жүгүнүү салтын аткарышууда.

3
Немис дастаркону.

4
Өзбек улуттук кийимдери.

5
2010-жылы июнь коогалаӊы учурунда баш кошкон Назиржан менен Айгүлдүн үч жаштагы уулу Элхан.

6

7

8
Түрк дасторкону.

9

10

11
Немис улуттук борборунун өкүлү көргөзмөгө даярданууда.

12
Татар даамдары.

13

14
Корей дасторкону салатсыз болбойт

15

16
Өзбек дасторконунун башында майда манты менен көк чай турат.

17
Сок билек.

18
Карындан жасалган өрдөк кыргыз даамдарынын катарында.

19

20